Өзүмдөн 9 жаш кичүү бала сүйүүсүн арнап койбой жатат…

Биз аялдар ар качан да жакшы сөзгө муктаж экенбиз. Жашым 45 те болсо да, токтолуп калдым десем да, баарыбир аялдар бат алданат экенбиз.

25 жашымда турмушка чыктым. Жолдошум өзүмдөн беш жаш улуу. Ортодо бир уул бир кыз бар. Өзүм медсестра болуп иштейм.  Кезинде жолдошум Кытайдан товар ташып аябай жакшы жашадык. Инилерим, сиңделенимдин баарын окутуп, бутка тургуздук. Калп айтпасам, Бишкекте машине айдаган аялдардын арасында үчүнчү же төртүнчүсү мен болчум. Байлык колдун кири экен. Жолдошум банкрот болуп, тапкан байлык кандай келсе, ошондой жок болду, жада калса үйдү да сатууга туура келди. Айла жок, иштегенге туура келип, кесибим менен иштеп баштадым. Балдар чоңоюп, мектепке окуп, кийем, ичем деген нерсе көбөйдү. Анча мынча жоктун айынан айтыша баштадык. Жолдошум кредит алып кайра бизнес баштады. Ортодо бирөөлөргө алданып кайра артка кеттик. Күн өткөн сайын уруш көбөйдү.  Акчасы жакшы деп түнкү сменада иштеп алдым. Кулак тынч. Кечке сүйлөнүп мээмди жеген жолдошумдан эс алам. Кылаарга иши жок мага эле киришип калды.  Ошентип жүрүп, күндөрдүн биринде бир таксист жатып калды бизге. Эжеке деп жабышты да калды. Жумушка келсем таттууларын алып тосуп турат. Чынында мага ак халат аябай жакшы жарашат. Боюм узун, белим кымча болуп, форма жакшы отурат. Кээде мен түнкү сменада калганда, жаныма келип ар кандай окуяларды айтып берип, сулуусуз деп, жылуу сөздөрдү айтып көңүлүмдү таап турат. Менден тогуз жаш кичүү экен. Жөн жүр эки балам бар, жолдошум бар десем да болбойт. Ал тургай жолдошумдун эки-үч жолу жумушума келип кеткенин да көргөн. Эже сиз мага жагасыз деп туруп алат. Өзүм байкабаган менен ага көнүп баратам. Ойлоп көрсөм, үйдө жолдошум кагып силкип, орой сүйлөп, катуу тиет экен. Жылуу жылуу сүйлөсө жылан ийинден чыгат деген . Өзүмдү колго алып эч кимге сыр бербейм. Таксист бала сакайып чыгып кетти. Бирок күндө жумуштан чыгаарда күтүп турат, эже жеткирип коёюн деп. Шокалад, гүл алып келет. Аны больнойлор берди деп үйгө көтөрүп келем. Ага жолдошум деле көнүп калган. Бирок , билбейм бул окуя канчага чейин уланат. Катуу айтсам да таарынтсам да болбой жабышат. Жолдошум көрбөсүн деп, үйгө жетпей бир көчө бери  түшүп калып, кайра маршрутка отурам. Ал жигит менен  эч кандай ортодо эч нерсе болбоду, болгону жабышканын койбой жатат. Курбу кызыма айтсам, жашыраак кыз тапса өзү эле калып калат дейт. Бирок, анын менден кетчүдөй түрү жок. Үй бүлөсү тууралуу сурасам, мени жаман сындырган, эстегим келбейт дейт. Мен ага көнүп калсам кандай болот? Ансыз да араң эле турган үй бүлөмдүн пай дубалын уратуудан корком.