Бүгүн, 12-июнда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын айрым райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу аймактарында, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт, деп маалымдайт Кыргызгидромет.

Абанын күндүзгү температурасы:

Чүй облусунда +23…+28

Талас облусунда +22…+27

Баткен облусунда +25…+30

Ош жана Жалал-Абад облустарында +25…+30

Ысык-Көл облусунда +18…+23

Нарын облусунда +17…+22

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы күндүз +25…+27 градус болот.