Өлкө  аймагында коронавирус инфекциясынын жайылуусуна каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча республикалык ыкчам штаб бир катар чет мамлекеттердин туруктуу эл аралык, анын ичинде Кыргыз Республикасына/Республикасынан аба каттамдарды жандандыруу чечимин жарыялаган. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандан/га эл аралык аба каттамдарды калыбына келтирүү боюнча тиешелүү чечим штаб тарабынан өлкөдөгү санитардык-эпидемиологиялык кырдаалды жана анын курчушу мүмкүн экендигин эске алуу менен кабыл алат.

Ошону менен бирге Кыргыз Республикасына/Республикасынан чартердик каттамдарды уюштуруу зарылдыгына жараша улантылат.