Байден Facebook социалдык тармагын Трампка каршы болууга чакырды

Президенттикке талапкер Жо Байден атаандашы Дональд Трампка каршы чара колдонуу талабы менен Facebook социалдык тармагына кайрылып, бирок натыйжалуу жооп ала алган эмес.

“Мен сиздерди бардыгы үчүн бирдей, башкача айтканда Дональд Трампка дагы тийиштүү жана дезинформацияларды жайылтууга тыюу салуучу так эрежелерди иштеп чыгууга чакырам. Бүгүн силер Дональд Трамптын оозуна келгенин оттоого шарт түзүп берип жатасыңар. Тилекке каршы, анын мындай тамтаңдаган билдирүүлөрү миллиондогон шайлоочуларга жетүүдө”-деп айтылат Байден тараткан петицияда.

Байдендин бул билдирүүсүнө жооп кылып аталган социалдык тармак АКШда эреже демократиялык жол менен шайланган өкүлдөр тарабынан белгиленерин, өз кезегинде Трамптын дагы бул тармакка тийиштүү сын-пикирлери бар экендигин билдирген.