Баткен облусунун Лейлек районунда 11-июнь күнү саат 17:30 чамасында Коргон айылында жаап өткөн жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген суулар Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 327-331-чакырым аралыктары кум шагылга толуп, унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жаралган.

ӨКМдан билдиргендей, тазалоо иштерине №13 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 грейдер тартылып.

Тартылган күчтөрдүн аракетинде тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүп, саат 19:30да аталган унаа жол толук тазаланып ачылган.