Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастан Жумабеков кайрадан интернет колдонуучулардын көңүл чордонунда болду. Анын кечээ парламент жыйынында айткан сөзү социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жаратып, флешмоб өткөрүүгө түрткү болгон.

Кечээ парламенттин отурумунда Дастан Жумабеков Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басарына кайрылып:
“Нурсейит Бектемирович,“ Дастан ”деп айтканыңызда бул завод экендигин кошумчалаңыз . Анткени Дастан Далабаевич экөөбүз ушул жерде отурабыз. Туура эмес түшүнүп албайлы «завод» деген сөздү кошуңуз,”-деген.

Интернет колдонуучулар спикерди кайталап # хэштеги менен төраганы белгилеп тамашалай башташкан. Бул флешмобду спикер түшүнүү жана тамаша иретинде кабыл алды дейт анын жардамчысы.