Кино актер Эрнис Бөрүбаевди буга чейин жергиликтүү сайттар «белимди бекем бууп, депутаттык аттанам» деген маалыматын жарыялаган. Бул маалыматты Бөрүбаев төгүнгө чыгарды.

«Менин интервьюмду бурмалап жазган сайтты, бетине кармап мен жөнүндө жалган маалымат таратыптыр. Ал сайттын ичин ачсаң же бир сөз жок, ушундай бир жалган маалымат үчүн, аркандай коментарийлерди жазгандарга деле таң каласың.
Айланайындар, ал ютубтагы интервью таптакыр башка сөздөр болчу, ушул интрига менен жан баккандарга ишенбей эле койгулачы. Анан бул ортомчу деп күлүп койгон смайлик коюп, шылдыңдагансып жазыптыр, сизге окшоп жалган маалымат тараткандан көрө, ошол ортомчу болуп азык-түлүк тараткан жакшыраак»,-деди Бөрүбаев.