Улуттук гвардиянын бир нече аскер кызматкери коронавирус жуктурду. Бул тууралуу  Башкы штабдын басма сөз катчысы Гүлзат Жарашова   билдирди.

Маалыматка караганда, Улуттук гвардиянын өздүк курамы өзгөчө абал учурунда тосмолордо (блокпост) кызмат өтөшкөн.

«Аскер кызматкерлеринен вирус табылды. Оору жуктурууну алдын алуу үчүн Улуттук гвардиянын жоокерлерин Москвадагы Жеңиш парадына жөнөтпөөнү чечтик. Алардын ордуна параддык эсептеги резервдик курам барат», — деп айтылат маалыматта.

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парад 24-июнда Москва шаарында өтөт. Жеңиш парадына Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да барат. Ошондой эле Казакстан, Тажикстан, Молдова, Сербия жана башка өлкөлөрдүн президенттери парадга катыша турганын тастыкташты.