Коомдук транспорт, такси, кафе жана ресторандар санитардык эрежелерди бузуулар үчүн жабылат. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, тармактык мамлекеттик органдарга бул объекттерди текшерүүнү күчөтүү тапшырылды.

«Маршруттук таксилерде жүргүнчүлөрдүн үчтөн бири беткап тагынса, беткапсыз түшкөндөрү дагы бар. Такси жана дүкөндөрдө деле ушундай эле кырдаал. Кечээ жакында көп сандагы адамдардын катышуусунда ресторанда өткөрүлгөн үй-бүлөлүк иш-чара аша чапкандык. Бишкек мэриясы мындан ары ушул сыяктуу окуяларга жол бербөө үчүн чара көрүүгө тийиш. Коомдук унаада жана коомдук тамактануу жайларында санитардык эрежелерди сактоо күчөтүлүшү шарт. Коопсуздук кызматы беткап тагынуу жана колду дезинфекциялоого көзөмөл жүргүзгөн айрым соода объекттеринин тажрыйбасы бардык коомдук жайларда колдонулушу керек. Буга чейин мен ИИМге жана тармактык кызматтарга таксилерди жана маршруттук таксилерди текшерүүгө тапшырма бергем. Кандай иштер аткарылды? Жооптуу адамдар тиешелүү ченемдерди так аткарганга чейин текшерүү туруктуу жүргүзүлүп турууга тийиш», — деди Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов.

Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү билдиришкендей, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери менен биргеликте Бишкекте маршруттук таксилердин 46 фирмасы, бир нече такси фирмалары текшерилип, протоколдор түзүлүп, айыппулдар салынды.

Борбор калаанын мэриясынын өкүлдөрү маалымдагандай, кафе жана ресторандардын администрациялары тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары турак үйлөрдүн жана кварталдык комитеттер жашоочулар арасында COVID-19 белгилеринин бар-жогуна сурамжылоо жүргүзүп башташты.

Штабдын жыйынында мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги өткөрмө жайлардын иши талкууланды.

Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, бүгүнкү күндө эл аралык аба каттамдарын жандандыруу, мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесиндеги өткөрмө жайларды ачуу маселелери боюнча тийиштүү алгоритмин сапаттуу иштеп чыгуу зарыл. Тармактык органдарга иштин бул багыты боюнча тапшырмалар берилди.

Саламаттык сактоо министирлигине өлкөнүн аймактарын тиешелүү лабораториялык жабдуулар менен камсыз кылуу милдеттендирилди.