Кыргызстан боюнча жалпы 524 миңден ашык үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндө жардам көрсөтүлгөн. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, 1227.tunduk.kg сайтына бардыгы болуп 838 миңден ашык кайрылуу келип түштү. Анын ичинен 524 миң 645 үй-бүлө азык-түлүк баштыкчалары менен камсыз болушту.

«Жергиликтүү бюджеттен 64 миң 646 үй-бүлөгө, демөөрчүлөрдөн 285 миң 111 үй-бүлөгө жардам берилген. Соцөнүктүрүү министрлигинде ачылган атайын эсепке түшкөн каражаттан 26 миң 616 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү. Андан сырткары, КРнын өкмөтүнөн 200 млн сом бөлүнгөн. Анын 148 млн сомдон ашыгы аким, мэрлерге которулган», — дейт ал.

Солтонбекова атайын эсепке түшкөн каражаттын суммасын министрликтин сайтынан көрсө болорун айтат.

«Эсепке 17 млн сомдон ашык каражат түшсө, анын 16 млн сому жумшалып, 1 млн сом эсепте турат. Ошондой эле калктын аярлуу кармарына 8 миң тоннадан ашык ун бөлүнүп берилди. Ал эми 5 миң тонна ун аймактарга бөлүштүрүлуп жатат. Бишкек, Чүй облусунун тургундарына 175 миң 700 тоннадан ашык кумшекер таратылып берилди», — деп белгиледи ал.

Солтонбекова кошумчалагандай, Соцөнүктүрүү министрлигиндеги 17 социалдык-стационардык мекемелерде 2 миң 370 жаран жашайт. Анын 724ү улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар. 1 миң 226сы психологиялык-неврологиялык оору менен ооругандар, 420сы балдар.