Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун жеке тапшырмасы менен Кыргызстанда карылар үйүндө жашаган, Грозныйлык Данганы өлкөсүнө алып кетмей болду. Мындай кабар менен коомдук ишмер Ассоль Молдокматова бөлүштү.

Молдокматова айтымында, түбү грозныйлык Данганын окуясына карата реакциясы чечен элинин биримдигин дагы бир жолу далилдеди.

-Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Кыргызстанда карылар үйүндө жашап жаткан 81 жаштагы грозныйлык Данга чоң ата тууралуу тарткан сюжетимди көрүп, жардамчыларына мени менен байланышууну тапшырыптыр. Алар мага чалып, Данганы алып кетүү ниетин билдиришти. Мындай аракети менен Рамзан Кадыров мени таң калтырды. Мына чыныгы элдин атасы ушундай болуш керек, — дейт Ассоль Молдокматова.

Ассоль Молдокматова 20 жылдан бери кайрымдуулук кылганы менен, алгач ирет кайсы бир өлкө президентинин өз мекендешинин тагдыры үчүн күйүп, так жана оперативдүү аракет кылганына ыраазы болгонун жашырбады.

Кошумчалай кетсек, Данга Грозный шаарында туулган. Учурда 81 жашта. Массалык жер которууда Кыргызстанга келген чоң ата 10 жылдан бери карылар үйүндө жашайт. Чеченстанга кетүүнү кыялданган Данганын үй-бүлөсү жана жакын туугандары жок.

Булак: Марал радиосу