Эстрада ырчысы Анжелика бүгүн 31 жашка толду. Ырчы туулган күнүн өз үйүндө тосуп, жакындарынан жагымдуу белек алды. Ал инстаграм баракчасына кучак толо роза, кооз жасалгалуу  өзгөчө торт белек алганын чыгарды.  Ошондой эле үй жагынан салют атып, унаасынын жарыктарын жандырып бейтааныш бирөө күтүп турган видеонун алдына “Мен бактылуу кылганыңа ыраазымын”,-деген пикирин калтырган.

https://youtu.be/WMLgfOjQTPM