Коронавирус илдетине байланыштуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде ачылган атайын эсепке 17 млн сомдон ашык каражат чогулду. Бул маалыматты министрдин орун басары Ализа Солтонбекова бүгүн, 12-июнда өкмөт үйүндөгү онлайн брифингде билдирди.
Чогулган
сумманын ичинен 16 млн сомдон ашык каражат муктаж жарандарга гуманитардык
жардам көрсөтүү үчүн облустарга бөлүштүрүлгөн.
Министрдин орун басарынын айтымында, 524 645 үй-бүлөгө азык-түлүк берилген.
Анын ичинен жергиликтүү бюджеттен 64 646, демөөрчүлөрдөн 285111, ЭСӨМ
депозиттик эсебинен 26616, өкмөттөн бөлүнгөн 200 млн сомдон 148 454 үй-бүлө жардам алган.