Украинанын президенти Володимир Зеленскийдин жубайы Елена Зеленская коронавирус илдетин жуктуруп алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары расмий маалыматка таянуу менен жазып чыгышты.

«Елена Зеленскаянын COVID-19 илдетине каршы тапшырган тестинин жыйынтыгы коронавирус бар экенин көрсөткөн. Ал эми үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнүн тести таза чыккан. Учурда Елена Зеленская обочолонуу менен амбулатордук дарыланууда. Өзүн жакшы сезип жатат«, — деп айтылат маалыматта.