Белгилүү ырчы Неля Нуркулова окурмандарга таалим-тарбиялык маанисин камтыган посторун тартуулап келет. Бул ирет да күйөрмандарына аялзатынын аруулугун, тазалыкка, таалим-тарбияга чакырган насаат сөздөрдү бөлүшкөн.

Аял — деген ким?

Аял — үй бүлөнүн чырагы! Жаркырап жанып турган чыракка махабат менен караган эркек — нагыз эркек.

Аял көп сүйлөйт. Себеби аялда жакшы ой көп. Ою ишке ашкан сайын аялдын сөзү азая берет. Аялым көп сүйлөбөсүн десең, алдын-ала оюн окуп кой да, ошого жараша аракет кыл..

Аял таарынган күнү үйдөн береке кетет. Берекеден айрылгың келбесе, аялды таарынтпа!

Аялды төмөндөтпө! Аялыңа төмөн карасаң, перзентиң ынжык, жазганчаак болот..

Аялын баалай билген эркектин эл алдында аброю артат, эңсеси көтөрүңкү жүрөт..

Аял — назик гүл! Аны баптап күтө билсең, үйүңөн күндө жыпар жыт аңкып турат..

Аялдын бетине тырыш түшкөн менен, жүрөгүнө тырыш түшпөйт..

Аял менен айтышпа!

Аны тыңдап, колдоп, коргой билсең жеңиш сенде болот!.

Аялды урба, сөкпө, тилин чыгарасың. Тили чыккан аял тикенекке айланат…

Аял өтө сезимтал жан. Сезгенин айтса, ишенимсиздик таанытпа..

Аялдын жүрөгү жамандыктан тилинет. Тилинген жүрөктү жамаган менен тыртыгы калат. Эси бар эркек аялынын жүрөгүн бүтүн калпында кармайт.

Аялдын жанын түшүнгүң келсе, деңизге түш, терең туңгуюгуна көз сал, толкундар менен ойно.

Сулуулук менен жылуулук аялда!

Сулуулугуна тамшанып, жылуулугунан кубат аласың. Аялды баалай бил! Өмүрүңдү жайнаткан да, кара казанды кайнаткан да аял!

Урматтуу аялзаты. Ар бириңерге бакыт тилейм. Силердин көзүңөрдөн бир тамчы жаш төгүлбөсүн.

Жаныңарда башыңарды баалай билген жан болсун!