Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын жана Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБнын Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан бир катар оор кылмыш жасагандыгы үчүн шектүү болгон адамды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан бирилди.

 Жабырлануучулар, шектүүлөрдүн жасаган иштерине карата чара көрүү арызы менен ички иштер органдарына кайрылышкан.

2020-жылдын январь айынын орто ченинде Сокулук райондук ИИБне Чүй облусунун тургуну белгисиз адамдар үйүнө кирип, оор кылмышты жасагандыгы тууралу маалымдап, арыз менен кайрылган. Анда Сокулук районунун конуштарынын биринде, эртең мененки саат бештерде, болжол менен 20-25 жаштагы үч эркек киши терезе аркылуу үйгө киришкен. Кылмышкерлер, үй кожойкесин бычак менен коркутуп, 30 000 сом акчасын, 15 миң сомдук уюлдук телефонун алып, качып кетишкен. Бул факты Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренесинин (каракчылык) 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши козголгон.

Мындан тышкары, учурдагы жылдын март айында Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБне борборубуздун тургуну укуктарына каршы иш жасагандыгы тууралуу арыз менен кайрылган. Ал арызында, “Чоро” жана “Даку” аттуу эки эркек кишилердин аттарын көрсөтүп, коркутуу жолу менен автоунаасын күрөөканага коюуга мажбурлап, 150 000 сом берүүгө талап кылган. Бул факты Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 203-беренесинде (опузалап талап кылуу) каралган кылмыш менен сотко чейинки өндүрүш иши козголуп, өндүрүш иши жүргүзүлүүдө.

Бирок, ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча, жогоруда аталган фактылар боюнча каракчылык жана опузалап талап кылууга шектүүлөрдүн жогоруда аталган кылмыштуу иштерди жасагандыгынан да сырткары кылмыштарды жасашкандыктары тууралуу ар кыл багыттагы тактоону талап кыла турган маалыматтар бар экендигин ырасташат.

Жакынкы күндөрдүн биринде, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын жана Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБнын Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында, жогоруда аталган кылмыштарды жасоого шектүү катары, Бишкек шаарынын жашоочусу 1994-жылы туулган Эргешбаев Эрлан Эргешбаевич аттуу жаран кармалган. Ал Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну. Жогоруда аталган жаран, буга чейин каракчылык жасагандыгы үчүн бир нече жолу соттолгондугу жана түзөтүү мекемесинен качкандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан издөөдө жүргөндүгү аныкталган. Учурда шектүү Бишкек шаарынын ИИББнын Убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматы жогоруда аталган шектүү жарандын аракеттеринен жабыр тарткандар болсо, ички иштер органдарына кайрылууңуздарды суранат. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабырлануучулардын саны көбүрөөк, азыркы учурда ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы такталууда.

Жогоруда көрсөтүлгөн шектүүдөн жабыр тарткан жарандар, Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКна төмөнкү номурларга кайрылууга болот: (312) 26-62-61; 0(709) 99-01-60; 0(990) 83-77-71.

Учурда тергөө жана ыкчам кызматтар тарабынан жабырлануучу жарандардын укуктарын коргоо, кылмыш жасаган адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга далилдик базаны аныктоо жана топтоо боюнча зарыл болгон бардык чаралар көрүлүүдө.