Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев парламенттин жогорку палатасынын (Сенаттын) депутаттарын шайлоону 12-августта өткөрүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.

Кечээ, 12-июнда жарыяланган жарлыкта шайлоо 2020-жылы октябрда жогорку палатанын депутаттарынын ыйгарым укуктарынын конституциялык мөөнөтүнүн аякташына байланыштуу экени белгиленген.

Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирди. Мындан тышкары, Нур-Султан, Алматы жана Шымкент шаарларынын мэрлерине, ошондой эле өлкөнүн ар кайсы аймактарынын губернаторлоруна Сенаттын шайлоосун уюштуруу, техникалык жана каржылык жактан камсыз кылуу үчүн зарыл болгон чараларды көрүүгө тапшырма берилди.

Сенат 49 депутаттан турат жана анын 15и президент тарабынан дайындалат жана калганы шайлоо аркылуу тандалат.