Сутка ичинде коронавирустан айыккан 54 бейтап стационарлардан чыгарылды

Бүгүн, 13-июнь саат 10:00гө карата дагы 54 бейтап коронавирустан айыкты делинип ооруканалардан чыгарылды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Өлкөдө коронавирустан айыккандардын жалпы саны 1 миң 722 болду.