Акыркы сутка ичинде өлкөдө дагы 41 жарандан коронавирус илдети аныкталды. Муну менен ооругандардын саны жалпы 2 миң 207 болду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде айтты.
Бишкек шаары – 18;
Чүй облусу – 6;
Ош шаары – 6;
Ош облусу – 2;
Баткен облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 2;
Нарын облусу – 3;
Жалал-Абад облусу – 3.