Ырчы Бек Борбиев өзүнүн  социалдык баракчасына өзү теңдүү чиновниктерге кайрылып, билдирүү жазып чыкты.

Ырчынын билдирүүсүн  өзгөртүүсүз беребиз:

“Биз теңдүү чиновниктерге айтаар сөз. Сиздер илгерки коммунист аткаминерлерди туурабагыла. Элден качып, бекинип, көрүнбөй жашап…Эл тамактанган кафелерге уялбай бара бергиле, мончолорго, дүкөндөргө баргыла. Тартынбагыла, жөө жүргөндөн уялбагыла. Анткени силер заманбап жалпак тил менен айтканда эл жалдап алган менеджерсиңер. Эң чоң менеджер бул — премьер. Элге аралашып жүрсөңөр, эл көйгөйүн жакындан билесиңер. Эл дагы силерди өзүнө жакын көрөт. Мындайча айтканда элдин кулу болгула, тиги акча алып сени кызматка койгондун кулу экенмин деп ойлоп албагыла

Айтор, өзүм теңдүү коммунист «чиновниктерди» көрсөм күйбөгөн жерим күл болот. Улуу муун болсо да мейли, алар ошол системада төрөлүп өскөн, а биз жаңыча ойлонуп, жашап, иштесек болот урматтуу теңтуштар. Биз 20 жашка чыккандан бери СССР жок, ал эми эч качан кайрылып келбейт, ал бүткөн, туурабагыла аларды, ал заман өткөн. 30 жылдан бери — жаңы жашоо»,-деди Бек Борбиев.