Ырчы Асема инстаграм баракчасына өзүнүн өлкөдөгү саясий кырдаалга, коомчулуктун өз өлкөсүнө жасаган мамилесине капчачылыгын билдирди.

-Капамын… Жаза турган болсом, сизди да капа кыламын… Жаман нерселерге, эптемей жашоого да шүгүр кылсам, анда өзүм-өзүмө да капа боломун. Кыргызым өнүгүүгө аракетти качан баштайт экенбиз? Качан элди тонобой, өнүгүүгө салым кошот экенбиз? Качан элге жеткиликтүү билим берет экенбиз? Жарышууга эмес, жерди, элди сатууга эмес, тургузулуп аткан үйлөрдүн жерин ижарага эмес, иииии койчу өз жерибизди качан өнүктүрүүгө салым кошот экенбиз? Качан ошол күн келет? Сөзсүз эл кыйналып, сөзсүз чыр болуш керекпи? Чырдан эле өнүгөбүзбү? Маданият тарабындагы таланттууларды барктап алмайынча, сыйлыктарды сатууну токтотмоюнча, убагында мактап-жактап сыйлыгын бермейинче, маданияттын туу чокусунда турган кино жаатын көтөрмөйүнчө, кинолор тартылсын деп элдин акчасына камера алып берип, жарыбаган камераны ижарадан алмайынча Кыргызстан өнүкпөйт! Өтө өкүнүчтүү… Бири аракет жасаса, экинчиси машинасын айдап баратып, какырыгын башканын унаасына түшүрөт, болуп эле атабыз реалдуу көз караш менен. Мен укмушмун дебейм, бирок, жолдо какырып-чимкирбейм, таштанды таштабаймын, чийбеймин-сийбеймин, муштапаймын-чачташпаймын, уруп-согуп тонобоймун, адамды колдонбоймун да сатпаймын. Кудайдын мындан артык кандай жазасы бар экен, көрөттүрбүз баарыбыз. Жаман көрсөңөр көргүлө, келечек бизде жок… Келечекти көруп атабыз эмне болуп атканын…