Эртең, 14-июнда, Бишкектин айрым жерлеринде муздак суу болбойт. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

 Эртең мененки 9дан кечки 5ке чейин Садовая жана Валиханов көчөлөрү менен чектешкен аймакта, Чүй проспектисинде жана темир жол линиясында, ошондой эле Учкун турак жай конушунда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.

Токтотуунун себеби  суу тосмолорунда жана шаардык суу тармактарында оңдоо жана техникалык тейлөө иштери жүргүзүлөт.


Бишкек шаардык мэриясы тургундардан ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, жарандардан, мекемелерден жана уюмдардан ичүүчү сууну топтоону өтүндү.


Суу менен камсыздоо көйгөйү келип чыкса, жарандардан «Бишкексууканал» ЖЭБдин бирдиктүү маалымат борборуна 1533 номерине кайрылууну өтүнөт.