Коомчулук эсинде болсо керек, буга чейинки мамлекет башчыларыбыз куурай башын сындыра электе эле мамлекеттик массалык каражаттарынан «куурай башын сындырганы жатам» деп сурнай тарттыра берчү. Ал «куурайдын тарыхын» КТРК чукуп, өкмөттүк гезиттер коштоп анан барып эле баягы «куурайдын башы сындыдан» сынаты кучтуу болуп отуруп, акыры ал иш чара мамлекеттик идеология, саясатка айланып, ошону менен куурайдын башы унутулуп, куру кыйкырыкка айланып кетери шекил… Муну биздин сөз баккан элибиз бир эле сүйлөм менен «Куру челек катуу калдырайт» деп койгон.

Азыркы президент мактоого муктажбы же муктаж эмеспи билбейм, бирок буга чейинки президенттерден айырмасы «сына элек куурайдын башын» айтып, элди жөн эле дүрбөтө бербегени, кылган кызматын док кылбаганы, унчукпай иштей бергени учурда коомчулуктун колдоосуна алынууда. Мисалдатып алыс кетпей акыркы жумада президент катышкан эки маанилуу иш чаранын фактысын эл алдына коелу. Сооронбай Жээнбеков президент болгон мезгилден бери бир гана маселени так кабыргасынан коюп келет. Бул «Аймактар өнүкмөйүнчө Кыргызстан өнүкпөйт» деген маселе. Эки жылды катары менен аймактарын инфраструктурасын, социалдык базасын, коммуналдык коммуникациясын көтөрүүгө жумшап жатканы дал ушул себептерден улам. Ушул максаттарды этектей Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу, акыркы отуз жылдык эгемендүүлүктүн эң биринчи кубанычтуу жанылыгы Ош шаарында машине куруу жана электр приборлору менен катар эле генераторлорду жасаган, ата мекендик электробустарды чыгаруучу ишкана ишке кирди. Оппоненттер кантип айтпасын билбейм, бирок бул Орто Азия тарыхында уникалдуу көрүнүш. Президент бул иштин баштан аягына чейин тыкыр көз салып, өзү кабардар болуп, колдоо көргөзүп жатканы аймактары көтөрүүдөгү жогорку далалаты экен деп билсек болот.

Экинчи сыймыктуу жана көңүл бурчу дагы бир ушул аймактагы иш чара. Президент Ош областына болгон сапарынын алкагында 187 га жерге органикалык жер жемиштерди өстүргөн ишкер айымдын чарбасына баш бакты. Бул деген бүгүнкү күнү бизнес структура айыл чарба багытына инвестиция салып, органикалык өсүмдүктөрдү өстүрүүгө, келечекте Кыргызстандын экономикалык дарамети ушул багытта сынала турганынан кабар берет. Анан калса дал ошол жерге, мөмө жемиш багынын жанына жемиштерди сактачу логистикалык борбор курулуп, түшүмдү кайра иштетүүчү ишканалар курулат деген маалымат биздеги класстердик саясат, реалдуу кадамдар башталганына кабар берет. Дал ошол жерде президент Сооронбай Шарипович «айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканаларды куруу мамлекеттин приоритети, аларга дайым мамлекет колдоо көргөзөт жана жардам берет» деп атайын багыттагы кредиттик линияларды тартып берүүгө сөз берди. Түшүнгөн адамга бул президенттин саясатынын маанилүү бөлүгү. Анын жемиши. Болгону президент куру сөздөн маанилуу иш артык экенин турмуш жүзүндө далилдеп, чын дилден мамлекет үчүн күйүп жанып жатканын карапайым эл да унутпасак….