Москванын чок ортосунда белгисиз адам Кыргызстан элчилигинде иштеген консулдун орун басары Тигран Кондахчянди сабап кеткен. Бул тууралуу  жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалым болгондой , ал «Добрынинская» метросунун станциясынан белгисиз адам менен уруша кеткен. Уруш мушташка айланып, дипломатты белгисиз адам башка урган.

Консулдун орун басары окуядан кийин полицияга арыз менен кайрылган. Учурда кол салган адам изделүүдө.

Белгилүү болгондой, Кондахчян Кыргызстандын Москвадагы элчилигинде 2016-жылдан бери иштейт.