Бүгүн, 15-июнда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектериндеги жана тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт. Талас, Баткен облустарында жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын күндүзгү температурасы:
Чүй облусунда +29…+34
Талас облусунда +28…+33
Баткен облусунда +30…+35
Ош жана Жалал-Абад облустарында +30…+35
Ысык-Көл облусунда +19…+24
Нарын облусунда +18…+23
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы күндүз +32…+34 градус болот.