Бишкектеги Sky Mobile компаниясынын бир нече кызматкерине (Beeline соода маркасы) COVID-19 диагнозу коюлган. Бул тууралуу компаниянын PR кызматынан кабарлашты.


Ооругандардын арасында компаниянын башкы директору Евгений Кражан да бар. Азыр бардык кызматкерлер обочолонуп, дарыланып жатышат. Дарыгерлердин айтымында, алар өздөрүн жакшы сезип, ооруну  жеңил көтөрүшүүдө.

«Компаниянын жетекчилиги мындай кырдаалга даяр болчу, көрүлүп жаткан чараларга карабастан, вирустан камсыздандыруу мүмкүн эмес. 2020-жылдын март айынан баштап бизде инфекциянын жайылуу коркунучун азайтуу максатында атайын режим иштейт. Мындай кырдаалда бизде иштелип чыккан план бар, ага ылайык, компаниянын кеңселеринде шашылыш түрдө кошумча алдын-алуу чаралары көрүлүп, диагноз коюлган алгачкы күмөндөрдөн улам Евгений жана калган кызматкерлер изоляцияга алынып, компания алар менен байланышта болгон адамдарды сынап көрүштү ”, — деди компаниянын PR директору  Марина Ким.

Ошондой эле бул жагдай компаниянын ишине эч кандай таасир тийгизбей тургандыгын баса белгиледи, анткени баардык кызматкерлер аралыктан иштешет.


Инфекцияны болтурбоо үчүн, компанияда карантиндин мөөнөтүн сентябрга чейин күчүндө калтырган.