Кечээ, 14-июнда социалдык тармак аркылуу Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы онлайн митинг болду. Онлайн митингдин жүрүшүндө теле алып баруучу Назира Айтбекова, ырчы Зере Асылбек кызы жана активист Мээрим Осмонова сөз сүйлөп, аялдарга каршы зомбулукту токтотуу маселелерин талкуулашты.

Алар бул маселе коомчулуктун көйгөйү экенин белгилеп, бийлик, жарандык коом ага каршы батыл чараларды көрүүсү зарыл экенин айтышты.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 51 жаштагы киши аялына дөңгөлөк байлап, суу чачып зомбулук көрсөтүп соцтармакка жүктөгөн бул видео коомчулукка жарыяланып элдин талкуусуна жем ташатаган.