Кыргыз Республикасынын  Өзгөчө кырдаалдар министри  З.М.Аскаров  «Мамлекеттик өрткө каршы  күнү»  менен   куттуктап, өзүнүн социалдык баракчасына жазып калтырды.

 Урматтуу өрт өчүрүүчүлөр!

Ардактуу ардагерлер!

Сиздерди «15-июнь — Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын күнү» менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктаймын!

Өрткө каршы кызматынын түзүлгөндүгүнө 94 жыл деген бир кылымга тете убакыт. Өткөн тарыхка токтоло турган болсок, бул убакыт ичинде өлкөбүздүн өнүгүү жолунда өрткө каршы кызматында да көптөгөн өзгөрүүлөр болду. 1926-жылдын 15-июнунда алгачкы чакан өрткө каршы кызматы түзүлүп, бүгүнкү күндө калкыбыздын бейпил турмушун өрт кырсыктарынан сактоодо бардык тийиштүү техникалык каражаттар менен камсыздалган толук кандуу кызматка айланды.

Тилсиз жоо менен күрөшүү канчалык түйшүктүү, татаал, оор кызмат экендигине карабастан, өрт кырсыгы менен күрөшүүдөгү жүктөлгөн милдетти так аткаруу менен, эл ишенимин актап, ушул кесипти аркалап келесиздер.

Күнүмдүк жашоодогу катталган өрт кырсыктарын өчүрүү менен гана чектелбестен, учурдагы бүткүл дүйнөнүн көңүл чордонун ээлеп, санаага салган “таажы” илдети менен күрөшүүдө, элибиздин саламаттыгы үчүн залалсыздандыруу жумуштарын аткаруу менен, күн-түн дебей санитардык карантин өткөрмө постторунда нөөмөттө туруп жатасыздар.

Бизге чейин бул кызматты аркалап, учурда ардактуу эс алууда жүргөн ардагерлерибизге ыраазычылык билдирүү менен бирге, мындан ары да алар көрсөткөн жолду карай багыт алып, жаңы күчтөрдү, идеяларды пайдалануу менен, калкыбызды, мал-мүлкүбүздү өрт кырсыктарынан сактоодо, аларды алдын алууда жаңыча кадамдарды таштап, элибиздин коопсуздугун камсыз кылаарыбызга толук ишенем.

Өмүрүн тобокелге салып, жалындап күйгөн оттун очогунан жарандарыбызды сууруп чыккан куткаруучуларыбызга алкыш.

Өлкөбүздө өрт кырсыктарын болтурбоого багытталган максаттуу ишиңиздерди ийгиликтер коштоп, үй-бүлөңүздөр менен бакубатчылыкта бар болуңуздар.

Элибиз бөөдө кырсыктардан алыс болуп, Кыргызстаныбыз тынчтыкта жана бейпилдикте өсүп-өнүгө берсин.

Кесиптик майрамыңыздар кут болсун!

Терең урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын

Өзгөчө кырдаалдар министри

З.М.Аскаров