Кечээ, тагыраак айтканда 14-июнда Лондон шаарында өткөн каршылык акциялары учурунда 113 адам камакка алынды. Кара денелүү адамдардын укугу үчүн чыгып жаткан Black Lives Matter (BLM) кыймылы 13-июнда кезектеги митинг өткөргөн. Митингдин жүрүшүндө башаламандыктарга жол берилип, офицерлерге кол салуулар болгон.

Мунун натыйжасында, полиция кызматкерлери тарабынан 113 адам кармалган. Ал эми жаалданган топ тарабынан ыргытылган буюм-тайымдардын кесепетинен улам 23 полиция кызматкери жабыркаган. Бактыга жараша полиция кызматкерлери жана митингчилер тарабынан каза болгон учурлар катталган эмес.

Белгилей кетсек, Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин башталган демонстрациялар али да болсо улантылууда. Расизмге каршы мындай акциялар АКШдан сырткары, Улуу Британия, Франция, Германия, Канада, Япония жана башка мамлекеттерди кучагына камтыган.