“Өзгөчө абал” учурунда кызмат өтөгөн кызматкерлерге кошумча төлөмдөр боюнча макулдашуу өтүп жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өкмөт тарабынан бекитилген 2000-жылдын 26-октябрындагы «Кыргыз Республикасынын аймагында жана эл аралык келишимдик милдеттенмелердин негизинде анын чегинен сырткары өзгөчө абалдын шарттарында жана куралдуу жаңжалдардын учурунда милдеттерин аткарышкан аскер кызматчыларына кошумча гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Токтомдун Жобосуна ылайык, өзгөчө абал шартында өз тапшырмаларын аткара тургандар кызмат орду менен аскердик наамга жараша үч оклад өлчөмүндө окладды төлөп берүү каралган.

Ал эми аскердик кызмат орду менен аскердик наамга жараша бир окладды ички иштер органдарынын кызматкерлери айлык акы менен биргеликте алышат, ушунун негизинде аскердик кызмат орду менен аскердик наамга жараша эки оклад калат. Аталган кепилдик өзгөчө абал режиминде кызмат өтөө маалында өз милдеттерин аткаруу үчүн кызматкерлерге шыктандыруучу болуп эсептелгендиктен, ал республикалык бюджеттеги каражаттын эсебинен төлөнүп берилет.

Андан сырткары, республикасынын ички иштер органдарынын өздүк курамы жетекчиликтин чечими менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин буйругуна ылайык «Аскердик кооптуулук» күжүрмөн даярдыгы баскычына өткөрүлгөн. Ушуга байланыштуу, өзгөчө абал режиминде республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлери казармалык абал шартында кызматын өтөштү. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын “Өзгөчө абал” учурунда кызмат өтөгөн кызматкерлеринин жана ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын аскерлеринин иштөө убактысын эсепке алуу табели толтурулуп, коменданттар тарабынан бекитилип кошумча акча каражатын бөлүп берүү тууралуу толук маалымат Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине жөнөтүлгөн.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буюрмасынын долбоору тиешелүү мамлекеттик органдардан макулдашуудан өтүп жатат. Жакын арада Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын “Өзгөчө абал” учурунда кызмат өтөгөн кызматкерлерине кошумча төлөмдөр төлөнүп берилет.

Эскерте кетсек, кечээ жергиликтүү медиа каражаттарында укук коргоо органдарынын карантин маалында кошумча эмгек акы берилбегендиктен иш таштаганы боюнча маалымат тарап, коомчулуктун талкуусуна түшкөн эле.