Түркия Республикасынын куралдуу күчтөрү өлкө ичинде тыюу салынган Курдистан Жумушчу партиясынын (КЖП) мүчөлөрүнө каршы «Бүркүт тырмагы» деп аталган операцияны баштады. Белгилей кетсек, КЖП Ирактын түндүгүндө орун алган.

«»Бүркүт тырмагы»-деп аталган операция башталды. Биздин учактар террористтердин башына азап салышууда», — деп жазып калтырган Түркиянын Коргоо министрлигинин кызматкери өз Twitter-аккаунтуна.

Эске сала кетсек, 2015-жылдын июль айында КЖП менен болгон куралдуу кагылышуулардын жана күрт согушкерлеринин кол салууларынан кийин болжол менен беш миңге чукул аскер жана полиция кызматкерлери, ошондой эле 500 жай тургундар курман болушкан. Түркия Коргоо министрлигинин билдирүүсү боюнча бул мезгилде алар КЖПнын 10 миңден ашык мүчөсүн жок кылышкан.