Чүй өрөөнүндөгү Суусамыр жайлоосунун 20 миң гектардай жерин алтыгана басып кеткендиги белгилүү. Жылдан жылга бул чоң көйгөйгө айланууда. Бул тууралуу Айыл-чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, алтыгананы мал жемек турсун, ал өскөн жерге мал кире албайт.

Министрликтин өсүмдүктөрдү коргоо жана химиялаштыруу департаментинин, жайыт департаментинин жана «Бай дыйкан» компаниясынын адистери Суусамыр жайлоосунда 100 гектар алтыгана баскан жерди химиялык жол менен тазалоо ишин жасашты.

Азыркы эсеп боюнча, бир гектар жерди дарылоо иши 10 000 сомду түзөт. «Бай дыйкан» компаниясы бул ишке демөөрчүлүк кылды. Алар колдонулуп жаткан Гарлондекс гербициди 20 күндүн ичинде алтыгананы толук кууратып жок кылат экен.