Эрнис Кыязов Чыңгыз Айтматовдун чыгармасын үндөштүрүп бүттү. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчасына жазды.

“Чынгыз Айтматовдун «Кыямат» чыгармасын окуп болдум. Өтө узун чыгарма экен. Окуу бир тең, анын баарын кайра монтаждоо бир тең болду. Окурман катары каармандарга, өзүмө кайра-кайра суроолорду берип мен канча чайналдым, а жазган жазуучунун руханий ааламы муну жазып бүткүчө бир топ аңтар-теңтер болсо керек… Айтматовдун таңуулабаганы, окурман менен кошо суроо кубалап, кошо жооп издегени жагат. «Кыяматта» Кудайды издептир. Чиркөөдөгү динчил поптордун ишениминен акыйкатты издептир. Мурда чиркөөдө окуп анан аны таштап кете берген Каллистратов деген каарманын баңги ташыган бузуктардын чөйрөсүнө атайылап аралаштырып, бузуктарды тазалагысы, аруулагысы келиптир жазуучу. Анан Акбара менен Ташчайнар деген карышкырларга айланып, кайра-кайра тууган бөлтүрүктөрүн адам деген жырткычтар жок кылып, шорлото бергендиктен үнү Кудайга жеткидей ыйлаптыр. Мээнетчил чабан Бостондун үнү менен: элдин муңунан эмес, «өйдө жактын» эле кабагын карап шыйпаңдай берген, кошоматтана берген чиновник болумуштарга жини келиптир. Бул дүйнөнү кандай сезсең, туйсаң, көрсөң, уксаң — ошонун баары өзүңсүн дегенди окурманга шыбыраптыр. Демек, дос-душманың да, жакшы-жаман иштериң да, күжүрмөндүгүң менен жалкоолугуң да, баатырдыгың менен коркоктугуң да, бүт баары айланып келип ошонун баары — сенсиң дептир”,-деп жазып чыкты Эрнис Кыязов.