Бек Борбиевдин “Сен дедим” ырына жаңы өмүр тартуулап, ырчылар Калыс Жакыпов менен Айзада Жамгырчиева дуэт ырдап,  клип тарттырышкан. Клиптеги башкы каармандар Гүлмира Турсунбаева жана Марат Жанталиев.

Аталган клип жакынкы күндөрдө коомчулукка тартууланаарын ырчы Калыс Жакыпов өзүнүн инстаграмм баракчасына жазып чыкты.

Таланттуу актер маркум Марат Жанталиевдин акыркы тартылган элеси дал ушул клипте калды дешет кесиптештери.

https://www.instagram.com/p/CBVQTj1ghhI/?igshid=yiel589uginm