Нарын облусундагы эки райондун элинин жайыт талашуусу дагы деле токтой эле. Эки элдин ичи ара чырыны токтотуу максатында күч кызматкерлери тартылган. Учурда окуянын мындан аркысын ырбатпоо үчүн милиция көз салууда.

Эске салсак, 5-июнда Кочкор районундагы малчылар жайытка чыкпоосу үчүн, 150гө жакын жергиликтүү тургундар Нарын районунун Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн Кырк-Боз үй участогунда жол тосушкан.

Нарын облусунда жолду тосуу фактысы боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталды.