Төрт кызды удаа төрөп, кудайдан тиленип жүрүп бешинчиси эркек болду.  Ошол эркекти ашыкча эркелетип жүрүп өтө бош кылып алыпмын. Ага караганда ортоңчу кызым тарсылдап эркектей жүрөт. Тапканым, ташыгандын баарын балама деп атасы экөөбүз  үлбүрөк кылып алдык. Күрөк кармап , кетмен чаап, орок орбогон бир орсок болду. Кокуй катуу айтпа жалгыз балам, силер кетесиңер эрге тийип ушул балам калат деп бекер канатыма калкалап, аярлап жүргөн экенбиз.

Аны үйлөөрдө таза кызык болду. Уялып эч ким менен сүйлөшпөйт. Жолугууга чыгарсак жеңесинин артына жашынат. Керилип бир кыздай мунуңар деп жеңелери астына салып келет. Ошентип эптеп бир тыңыраак кыз таап үйлөдүк. Анысы да эки балалуу болгон соң өзүн тыштап бошошкон келин болду. Анда да байкуш кыздарым жалгыз инибиздин балдары деп, кийимине чейин кылып берип жүрүштү.

Азыр өкүнөм жалгыз бала деп желкеме коюп бакпай, турмушка үйрөтсөм болмок экен.  Апа кандай кылайын деп эле отурат. Кээде ачуум келип, төрт баланын атасы болдуң өзүң билип жаса,  качанга чейин сени сүйрөйбүз деп калабыз. Атасы,  кемпир кокус оо дүйнө кетсек, бул кандай турмуш өткөрөт, бир мыкты жөндөп кагалбайт, 80 ге чыгып жанында такай өзүм болом деп абышкам көп кейит.

Баланы көп эле көзүнө карабай, турмушка бышырган жакшы экен. Азыр мына кырка келсе да, эч нерсени эптей албай отурат. Кыздарым келгенде, апа бизди кышында суу ташытып, жайында кык жайдырып, алма тердирип, күрүчкө иштетип кыйла бышырган экенсиз дешет. Кудаларым баары рахматын айтышат, жакшы тарбия бергенсиз деп. Баламдын кыймылын көрүп, өзүмдү көп тилдейм. Эл катары кыйналбай оокат кылып кетет бекен деген ой оюмдан кетпейт.