Борбор калаадагы Манас  көчөсү менен Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишиндеги банкты тоногондор кармала элек.  Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын башчысы Улан Жумаков билдирди.

«Бул иш боюнча эч кандай жаңы маалымат жок. Шектүүлөр изделүүдө», — деди Жумаков.

Эске салсак, окуя 12-июнда чак түштө орун алган. Анда бет кап тагынган эки белгисиз киши банктын имаратына куралчан киришкен. Алар банктын күзөт кызматчысына кол салып, кассадагы акчаны алып кетишкен.  Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 202-берене (каракчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.