Адвокат Канат Хасанов “Чоң казат” кыймылынан чыгып жактоочулук ишине киришти. Бул тууралуу ал өзүн жеке баракчасы аркылуу маалымдады.

“Мен эми “Чоң казат” кыймылында жокмун, ден-соолук маанилүүрөөк, дарыланууга кетип жатам”, — деп жазган ал. Көп өтпөй өзүнүн кесиби боюнча жактоочулукка кайтып келгенин баса белгиледи.

Саясий кыймылдын лидери Максат Мамытканов бул боюнча бул маалыматты четке какты. 24.kg агенттиги маалыматты тактоо иретинде кайрылганда Канат Хасанов чоң казатчылардын катарынан кетпегенин, ал болгону Турцияга дарылануу үчүн тыныгуу алды деп жооп берди.

Эске сала кетсек, “Чоң казат” кыймылына бир нече юристтер жана жарандык активисттер мыйзамдын негизинде иш алып баруу үчүн топтолгон.