АКШнын Талса шаарында (Оклахома штаты) эки наристе бала машиненин салонунда камалган боюнча калгандыгына байланыштуу каза болушту. Fox23 телеканалы аларды атасы машинесине камап салган деген версияны карманууда.

Полициянын билдирүүсү боюнча 31 жаштагы Дастин Ли Деннис ишемби күнү дүкөнгө барып келгенден кийин үйүнө кирип, эс ала турайын деп жатып уктап калган. Болжол менен беш саат уктап тургандан кийин балдарын издеп кечке убара болуп, акыры аларды, тагыраак айтканда төрт жашар кызы менен үч жашар уулун жүк ташуучу машинесинин полунда жаткан жеринен таап, үйгө көтөрүп кирген.

Тилекке каршы, чакырууга жете келишкен тез жардам кызматы наристелердин эбак эле чаарчап (каза болуу) калгандыктарын айткан. Өлүм себеби иликтенүүдө.