2020-жылдын 5-июнь күнүнөн тарта Ош шаарында милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнө кабыл алуу боюнча ачык сынак жарыяланды. Мыйзам талаптарына ылайык бул сынакка Кыргыз Республикасынын баардык жарандары катыша алат. Айрыкча сынакка буга чейин бул тармакта иштебеген жарандардын катышуусу колдоо менен коштолууда. Буга чейин белгилүү болгондой эле, Бишкек шаарындагы Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы (МККБ), мурунку Бишкек шаарынын Жол коопсуздугун камсыздоо кызматы башкармалыгын (ЖКККБ) жана Кайгуул-күзөт кызматын (ККК) эки кызмат бириктирилип түзүлгөн.

Мында өздүк курамдын саны көбөйгөн жок, жаңы кызматтын кызматкерлеринин милдеттерине борбордогу жол коопсуздугун камсыздоо ошондой эле коомдук коопсуздукту сактоо милдети жүктөлдү. Бишкек шаарында түзүлгөн милициянын кайгуул кызматы (МККБ) өзүнүн оң натыйжасын берүүдө. 2019-2020-жылдардын 5 айынын жыйынтыктарына салыштырмалуу, жаңы кызматтын бузууларды аныктоо жана чара көрүү боюнча көрсөткүчтөрүдө натыйжалуу өсүш байкалып турат:

— унааны спирттик ичимдик ичип алып башкаруу 266% жогорулады — 292 факт (2019 ж.), 1071 (2020 ж.)

— унааны маңдайкы жана алдыңкы капталкы айнектерин карангылатып алып башкаруу 332% жогорулады — 130 факт (2019 ж.), 549 (2020 ж.)

— Унаа башкарууда жол чырагынын кызыл түсүнө өтүү 33% жогорулаган — 14008 факт (2019 ж.), 18656 (2020 ж.)

— айдоочулардын жол белгилерине баш ийбөөчүлүгү 1243% жогорулады — 2544 факт (2019 ж.), 34187 (2020 ж.)

Унааларды атайын унаа токтотуу жайланына киргизүү 255% өстү – 1943 унаа 2019 жылы киргизилип токтотулса 2020-жылы 6901 унаа токтотулган. Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын жолдорду көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2020-жылдын 5 ай ичинде көчө-жол тармагын изилдөө жүргүзүүсү 51% жогорулады. 2019-жылга салыштырмалуу жол, коммуналдык органдардын жетекчилерине жана жеке жактарга 818% көп айып салынган. 2019-жылдын ноябрь-декарь айларында Бишкек шаарынын эки районунда гана Милициянын кайгуул кызматы иштеп баштаган учурдан тартып, криминогендик жагдай 15%га төмөндөдү. 2019-жылдын январь-май айларына карата 1917 кылмыш катталган, 2020-жылдын ушул эле учуруна 985 кылмыш катталган, изи сууй электе 333 кылмыштын бети ачылган. Тактап айтканда, 2020-жылдын 5 ай аралыгында криминогендик жагдай эки эсеге төмөндөп, жакшы көрсөткүчкө жеткен. Бирок, кылмыштуулукка карантиндин таасири тийгизгендиги канчалык деңгээлде экендиги белгисиз.

Милициянын кайгуул кызматынын иши жакынкы айларда көрсөтөт. Ошол эле учурда, 2020-жылдын 5 ай аралыгында (карантин учурун кошкондо да) жол эрежелерин бузгандарды аныктоо, жогоруда көрсөтүлгөндөй жогорулап, өстү. 2020-жылдын 5 айында “102” кызматы боюнча 24005 чакыруулар тейленди. Алардын 15441 аныкталып, ал эми 8564 аныкталган эмес. Милициянын кайгуул кызматынын мобильдик топторунун орточо эсеп менен чакырууга келиши 5-7 минутаны түзөт. Кээ бир учурларда, жолдогу дагдайларга байланыштуу чакырууга келиши узарып кетиши мүмкүн.

Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан паракорчулук жана милиция кызматкерине ылайыксыз жүрүм-турумдарына карата жарандардын арыздарын жана доолорун туруктуу негизде карап чыгуу иштери жүргүзүлүүдө. Бузууларга жол берген кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат. Өткөн аралыктын ичинде, Милиция кайгуул кызматы башкармалыгы мурунку Жол коопсуздугун камсыздоо кызматы башкармалыгы (ЖКККБ) жана Кайгуул-күзөт кызматтарына (ККК) караганда, өзүнүн натыйжалуулугун көрсөтө алды.

Ушуну менен паракорчулук чыгуулар төмөндөп жана жарандардын милицияга кайрылуулары жогорулады, бул болсо калктын милицияга болгон ишеними жогорулагандыгын тастыктайт. Милиция кайгуул кызматынын жарандар менен өз ара аракеттенишүүсү жакшырды. Анын жыйынтыгы катары, Милициянын кайгуул кызматынын иши жазалоо мүнөздөн, элге кызмат көрсөтүү мүнөзгө айланды.

ИИМдин Басма сөз кызматы