Ырчы Расул Маматкулов эгер ырчылык кесибин таштап, укук коргоо тармагына өзүн сынап көрсө кандай милиция болот ?

Бул суроонун жообун күйөрмандары ар кандай пикирде жооп калтырышты. Алардын айтымында, милиция болууда өзүнө ишенген, аскердик сүр болушу керек. Ал эми ырчы боорукер, жумшак милиция болмок. «Ырчынын чыгармачылыгын абдан сыйлайм. Милиция болсо абдан боорукер, жумшак кызматкер болмок. Ошентсе дагы бул форма өзүнүн турпатына жарашып турат» -деди күйөрманы.

Ырчынын кызы Айгерим Расул кызы жүктөгөн сүрөттө көпчүлүк соцтармактагы колдонуучулары форма ырчыга жарашып калганын белгилешкен. Эскерте кетсек, Айгерим Расул кызынын жолдошу милиция тармагында эмгектенет.