Өзбекстандын Наманган облусунун жашоочусу үй-бүлөлүк жаңжал учурунда жубайына жана 3 кызына балта менен кол салып, андан кийин өзүнө өрт койду. Анын кесепетинен жубайы жана кичүү кызы каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты.

Жергиликтүү басылмалар өлкөнүн Башкы прокуратурасына шилтеме берүү менен билдиргендей, жубайлардын эки кызы кошуналарынын үйүнө жашынып аман калышкан.

Окуя 13-июнь күнү болгон. 1976-жылы туулган киши аялы менен уруша кетип, балта менен бир нече жолу башына жана мойнуна чапкан. Аял ошол жерде көз жумган. Андан кийин үй-бүлө башчысы 2010-2012-2020-жылдары төрөлгөн кыздарына кол салып, денесине жаракат келтирген. Кичүү кызы окуя болгон жерде каза болсо, эки кызы кошуна үйгө качып кетүүгө жетишкен. Ал ашканада өзүнө өрт коюп, өзүн-өзү өлтүргөн.