Мухаммедкалый Абылгазиевди премьер-министр кызматынан бошотуу тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Ошондой эле өкмөт отставкага кетти деп эсептелет, деп маалымдайт өлкө башчынын басма сөз кызматы.

М.Абылгазиев кызматынан кетүү тууралуу арыз жазганы 15-июнда кечинде белгилүү болгон.

«Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин, вице-премьер-министрлердин, өкмөт мүчөлөрүнүн кызмат ордун ээлеген адамдар мурда ээлеген кызмат орундарына ылайык өкмөт мүчөлөрүнүн милдеттерин аткарууну жаңы курам түзүлгөнгө чейин улантышат», — деп айтылат расмий маалыматта.