Атланта мэри Кейша Ленс Боттомс дүйшөмбүдө өткөн пресс-конференцияда шаардык полицияны реформалоо зарыл экендигин айтып келип: -«Полиция жарандарды атып өлтүрбөстөн, тескерисинче аларды коргоосу керек»-деп кошумчалады.

Эске сала кетсек, афроамерикалык Рейшард Брукстун өлүмүнө байланыштуу Атланта шаарында дагы баш аламандыктар башталган. Бруксту полиция кызматкерлери мас абалында кармашкан жана каршылык көрсөткөндүгү үчүн атып өлтүрүлгөн.

Жорж Флойд менен Рейшард Брукстун полиция кызматкерлери тарабынан удаа өлтүрүлүшү АКШ менен катар эле Европа мамлекеттеринде массалык нааразылык акцияларынын өтүп жатышына себеп болууда.