14-июнь күнү Кара-Көл шаарындагы Кара-Суу дарыясына чөгүп кеткен адамдын денеси табылбай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 15-июнь күнү ӨКМдин куткаруучулары издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Кеч киргендигине байланыштуу саат 19:40та издөө иш-чаралары убактылуу токтотулган. Аны табуу аракеттери бүгүн да улантылат.

ӨКМдин Кара-Көл шаарындагы башкармалыгынын маалыматына караганда, 14-июнь күнү саат 13:00 чамасында жергиликтүү тургундар Кара-Суу суусунда 40-45 жаштар чамасындагы, үстүндө ак түстөгү көйнөк, көк джынсы ак жумал, муруту бар, кара чач киши агып бара жатканына күбө болушкан. Алар ӨКМге кабар беришкен. Натыйжада 3 күндөн бери 4 суучул, 6 кызматкер белгисиз жаранды Кара-Суу чоң суусунун Нарын дарыясына куйган жерине чейин издөө иштерин жүргүзүүдө. Азырынча анын өздүгү же тирүү экендиги тактала элек. Чоң суудан издөө аракеттери бүгүн кечке чейин улантылат. Ал адамды издеп, артынан эч ким тиешелүү кызматтарга кайрылган эмес.