Эльмира Иманалиева Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу БШКнын социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда айтылды.

 
Буга чейин ал бешинчи чакырылыштагы парламенттин депутаты, Арабаев атындагы  мамлекеттик университетинин окутуучусу, Биринчи май райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, парламенттин эксперти, антимонополдук саясат боюнча мамлекеттик комиссиянын бөлүмүнүн башчысы жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү боюнча улуттук комиссиянын мүчөсү болгон. 
 
2002-2005-жылдары Биринчи Май жана Ленин райондук администрацияларынын башчысынын орун басары, андан кийин үч жыл Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары болуп иштеген.

Ошондой эле ал, буга чейин мэрияда жана анын түзүмдөрүндө иштеген. 2008-2010-жылдары Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү жана жаштар саясаты бөлүмүнүн башчысы, борбор калаанын вице-мэри кызматтарын аркалаган.

Эске салсак, өткөн жумада мэрияда бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурс болуп өткөн.