Сузакта 300 000 сом каражатты туура эмес пайдаланган башкы дарыгер кармалды

Сузак райондук санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери жана башкы бухгалтери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу, ИИМдин Басма сөз кызматынан кабарлады.

 ИИМдин криминалдык милиция кызматынын Үчүнчү Башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан тиешелүү иш чараларды жүргүзүүнүн натыйжасында Сузак райондук санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери жана башкы бухгалтери тарабынан облусттук жергиликтүү мамлекеттик администрациянын резервтик фондусунун бюджетинен COVID-19 илдетин алдын алуу иштерине бөлүнгөн 300 000 сом акча каражатын Сузак райондук санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлерине айлык маянасынын көтөрүлгөн сыяктуу же башкача айтканда материалдык жардам катары бөлүштүрүшкөн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “резерв фондусунун акча каражаттарын колдонуу” тууралуу жарлыгына ылайык бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине айлык маянасын көтөрүүгө тыюу салынат. Аталган факт Жалал-Абад ИИБнин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш жазык кодексинин 320 беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен катталып сотко чейинки тергөө амалдары жүрүүдө.