КР Саламаттык сактоо министрлиги Ош облустар аралык клиникалык ооруканасындагы буга чейин COVID-19 диагнозу тастыкталып, каза болгон бейтап боюнча төмөнкүнү билдирет.

Өлүм учурун тастыктоо жана каттоо боюнча Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун эл аралык методикалык колдонмосуна ылайык, COVID-19 инфекциясынан жана негизги илдетинен каза тапкандыгы боюнча түшүндүрмөлөр бар. Анткени өлүм башка дарттан, жаракат алуунун, жол кырсыгынын ж.б.у.с. кесепетинен улам болушу ыктымал, демек өлүм учуру башка кодировка боюнча эске алынат.

Аталган учурда бейтапта коронавирус инфекциясы бейтаптын өлүмүнүн негизги себеби катары чыккан эмес. Бул коронавирус инфекциясын жугузуп алган бейтап өзүнүн негизги оорусунан каза тапкан биринчи учур, бул тууралуу бүгүнкү брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев билдирген.