Техникалык өкмөт мүчөлөрү шайлоого барбайт. Бул тууралуу өкмөт башчылыкка талапкер Кубатбек Боронов бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын жыйынында, “Республика-Ата Журт” фракциясынын мүчөсү, депутат Мирлан Жээнчороевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

“Өкмөт мүчөлөрүнүн баарынан атайын жыйында шайлоого барар-барбасын сураганбыз. Эч кимиси унчуккан эмес. Азыркы курамдагы министрлердин эч кимиси шайлоого барбайт, аягына чейин иштейт”, — деди Кубатбек Боронов.

Мирлан Жээнчороев өкмөт башчылыкка Бороновдун талапкерлигин ким сунуштаганын тактоону, жоопкерчиликти алууну талап кылды.

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция 16-июнда өзү сунуштаган техникалык өкмөттүн жаңы курамын жактырган.

Өкмөт башчылыкка Кубатбек Боронов, биринчи вице-премьер-министрлик кызматка Алмазбек Батырбековдун талапкерлиги колдоо тапты. Мындан сырткары өкмөттүн аппарат башчысы кызматына Таалайбек Темиралиев сунушталды. Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалыгына Жогорку технологиялар паркынын жетекчиси Алтынбек Исмаилов көрсөтүлдү.

Калган вице-премьер-министрлер жана министрлер мурдагы орундарында калышты.