ИИМдин Күзөт кызматы финансы-кредиттик мекемелерди өздөрүнүн мүлкүнө жоопкерчиликтүү мамиле жасоого чакырат. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

 Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматы өлкөбүздөгү финансы-кредиттик мекемелерине каракчылык факты болгон учурларында тынчсыздаануу менен кабыл алат. Акыркы күндөрү эле болгон факты, борборубуздун банкынын филиалдарынын бирине куралдуу тоноо жасалгандыгынын жыйынтыгында, мекемеге олутту зыян келтирди. ИИМдин Күзөт кызматы мекеме-чарба ээлерине өзүнүн мүлкүнүн коопсуздугуна жоопкерчиликтүү мамиле жасоого чакырат.

Биздеги маалыматтарган жараша, 2018-жылдын декабрь айынан 2019-жылдын декабрь айына чейинки аралыкта республикабыздын аймагында сактык кассалардан жана банкоматтардан акча каражаттарын тоноого байланышкан бир нече кылмыштар катталган, анын жыйынтыгында миллиондогон акча каражаттарына зыян келтирген. Айта кетсек, Талас, Жети-Өгүз, Араван жана Кара-Суу райондорунда, ошондой эле Ош жана Нарын шаарларынын аймактарында жайгашкан финансы-кредиттик мекемелердин банкоматтарынан жана сакттык кассаларынан акча каражаттарын урдоо фактылары болгон. Жогоруда аталган бардык мекеме-чарбаларда болгон каракчылыктар жана урдоолор ИИМдин Күзөт кызматынын эмес, жеке күзөт мекемелеринин кайтаруусунда болгон. Ушуну менен бирге, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматы жеке мүлктү сактоо боюнча татаал эмес коопсуздук чараларын сунуштап, жеке жана юридикалык жактардын мүлкүн ишенимдүү кайтарууга жана коопсуздугун камсыздоого милиция кызматкерлерине тапшырып берүүсүн туура деп эсептейт.

Акыркы статистикалык маалыматтарга жараша, ИИМдин Күзөт кызматы тарабынан кайтарылган мекеме-чарбаларга уурулукка жана кирип кетүүгө жол берилген эмес. Ишенимдүү кайтаруунун кепилдиги болуп, “Айгай” белгилерине ыкчам аракеттенүү болуп саналат, ошонун жыйынтыгында гана биз кылмышкерлерге материалдык зыян тийгизүүгө жол бербейбиз.